super.kg logo

Жансыз денеси өрттөлгөн абалда табылган таксисттин өлүмүнө бир Кыргыз, эки Казак жараны шектелүүдө

 

Оштогу таксисттин өлүмүнө Кара-Суу районунун тургуну менен 2 Казак жараны шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Ошто таксист болуп иштеген 31 жаштагы тургун 13-май күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегендиктен шаардык милиция ага издөө жарыялаганы маалымдалган. 22-майда анын жансыз денеси Кара-Суу районунун Каратай айылынан алыс эмес жердеги ээн талаадан табылган. Кылмышкерлер маркумдун денесин өрттөп салышкан.

ИИМдин бүгүн, 24-майда берген маалыматына караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө таксисттин уюлдук телефону Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринен табылган. Телефонду белгисиз адамдар дүкөндүн ээсине 2 миң сомго саткан. Ал эми милиция кызматкерлери аларды таксистке кол салган деп болжолдошкон.

Андан кийин 14-майда маркумга таандык Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа Чүй облусунун аймагындагы посттон өткөнү аныкталган. Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө таксистке кол салганга мурда соттолгон Кара-Суу районунун тургуну менен Казакстандын 2 жаранынын тиешеси бар экени белгилүү болгон. Мындан улам кылмышкерлер Казак тарапка өтүп кетти деп болжолдонгон.

"Чек ара кызматкерлерине бул тууралуу тийиштүү маалыматтар берилип, алар кабардар болгон. Эгер алар өтсө дароо колго түшмөк. Чогулган далилдер боюнча кылмышкерлер таксистти өлтүрүп, анын машинасын алып кеткени белгилүү болгон. Аталган факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери улантылган. Ошол учурда кылмышкерлер унааны Токмок шаарында 1 миң 100 долларга сатып жибергени белгилүү болгон. Алар сатып алган адамга, унааны кийинчерээк анын атына каттатып берерин айтышкан", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, жазадан кутулуу максатында казакстандыктар Токмокко жакын жерден чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен. Үчүнчү шектүү 22-майда "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен өтүп бара жаткан жерде кармалган.

Ал эми шектүүлөр колго түшкөнгө чейин эле маркумдун жансыз денеси изделип баштаган. Болжолдуу маалымат боюнча, кылмышкерлер ага кол салып андан кийин ур-токмокко алышкан. Кийин унаанын жүк салуучу бөлүгүнө салып ээн талаага алып барып өрттөп салышкан. Ошондой эле казакстандыктардын аты-жөнү аныкталганы айтылат.

Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
24.05.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
айбандар кантип адам өлтүрүп машынасын айдап жүрөт? ушундай айбандарды жер бети кантип көтөрүп жүрөт
24.05.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаш эле балдар экенго мээнет кылып акча тапса болбойт бекен?бул кылмышка шектуу деп жаткан адам ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-25 11:38:01
25.05.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Eli.91, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган!
25.05.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул адамдарды ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-25 11:36:30
25.05.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
s81, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! 10 күн БАНга!
25.05.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учун Колдон телефон албаш керек
26.05.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маркумдун машинасы кымбат деле эмес экен го ,анчалык олтуруп айдап кетчудой.Арам ойлуу адамдарга жолугуп калыптыр да.Каргыш урсун кылмышкерлерди, кырчындай омурду кыйноо мн кыйышыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: