Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз жергесинде узундугу 12 метрге жеткен жылан жок экенин билдирди
Кыргыз жергесинде узундугу 12 метрге жеткен жылан жок. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул видеону кимдир-бирөөлөр эле ойноп монтаждап чыгарып коюшуптур. Ал видеодогу көрүнүп турган табият деле Кыргыз жергесине окшобойт. Андан сырткары Кыргыз жергесинде мындай узундугу 12 метрге жеткен жыландар жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин интернетке "Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Майлуу-Суу дарыясында узундугу 12 метрге жеткен жылан жүрөт" деген видео тарап, талкуу жараткан эле. Бул видео тууралуу жергиликтүү тургундар Кыргыз жеринде тартылганы чындыкка дал келбестигин айтышкан.
кошулду
12 метрлик жылан
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Эскертүү! Бул видеохостингди жарнамалоого тыюу салынган!
Саламатсызбы! Бул агенттиктин кыргызча расмий аталышы.