super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Улан Жумаков: "Президент учурда эски систем менен жалгыз күрөшүп жатат"

 

2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деген соболуна жарандык активист жана юрист Улан Жумаков пикирин билдирди.

Активист Сооронбай Жээнбековдун көз карандысыздыгы, харизмасынын күчтүүлүгү, принципке бекемдиги эл үчүн күтүүсүз болгонун, буга баары таң калганын айтты.

"Элде жаңы президент келди деген үмүт пайда боло баштады. Алгачкы эле иштери Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция маселелесин көтөрүп, жоопкерчиликти өзүнө алды. Мамлекетте качантан бери коррупция гүлдөп келгенин, эч ким эч нерсе кылбаганын белгиледи, бир дагы президент жоопкерчиликти өзүнө алган эмес, өздөрүн мактап эле келишкен. Бийликтин үч бутагына тең өздөрүнө тийиштүү эркиндикти берди.

Мына, парламент жаңыдан эле иштеп баштады, так сындарды айтып, депутаттар коркпой сүйлөп башташты. Калгандары өкмөт, министрликтер, губернаторлор эч нерсе кылбай жатышат. Кыла турган иштер көп, Тогуз-Тородогу комбинаттын өрттөлүшү, Канттагы футбол клубунун оюнчуларынын мушташы. Чиновниктер азыр коркок, президент учурда эски систем менен жалгыз күрөшүп жатат. Президентке учурда эл, жарандык активисттер жардам берүүдө, мына азыраак убакыттан бери парламент жардам берүүдө", - деди Жумаков.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, экс-депутат Нариман Түлеев, "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева, журналисттер Шайырбек Абдырахман, Тынчтык Алтымышев жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: