super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Нариман Түлеев: "Бүгүн биздин өлкөдө журт атасы болуу абдан оор"

 

2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев өз жообун берди.

Экс-депутат Кыргыз өлкөсүндө журт атасы болуу үчүн белгилүү философтордой болуш керектигин сунуштады. "Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө журт атасы болуу абдан оор. Ал үчүн аскет болуу керек: анын жеке менчиги жана ашыкча эч нерсеси болбош керек. Мисалы, Хо Ши Мин (Вьетнамдын мурдагы президенти), жеңил бут кийимчен Махатма Ганди (Индиянын саясий ишмери) же аскердик кийимчен Иосиф Сталин жашагандай жашаш керек. Ак Үйдө расмий жолугушууларды гана өткөрүп, өзү болсо жөнөкөй үйдө же батирде жашашы керек", - деди Түлеев.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева, журналисттер Шайырбек Абдырахман, Тынчтык Алтымышев, жарандык активист жана юрист Улан Жумаков жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: