super.kg logo

Депутаттар Жогорку Соттун судьялыгына өтпөй калган үч талапкерлер боюнча Тартип комиссиясына кайрылуу керектигин айтышты

 

Депутаттар Мирлан Жээнчороев жана Наталья Никитенко Жогорку Соттун судьялыгына өтпөй калган үч талапкер боюнча кесиптештерин Тартип комиссиясына кайрылуу жолдоого чакырды. Никитенко депутаттар колдобой койгон талапкерлерди коомчулук кызматынан бошотууну сунуштап жатышканын айтты.

"Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлер боюнча Жогорку Кеңештин кабыл алган чечимин коомчулук колдоп, учурда өтпөй калган талапкерлерди жумуштан бошотуу керектигин сунуштап жатышат", - деди Никитенко.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева бул маселени алгач тармактык комитеттин кароосуна коюп, андан кийин бир чечимге келүү керектигин белгиледи.

Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин регламентинин талабына ылайык, бул маселе боюнча тармактык комитетке протоколдук тапшырма берерин убадалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 23-майда өткөн жыйынында президент тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова Жогорку Соттун судьялыгына шайланып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкулов колдоо таппай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.05.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нургул Бакирова чыккан коррупционер, акча дегенде бир тууганын сатат, мени какшаткан каратып туруп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: