super.kg logo

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматын жоюу сунушталды

 

Депутат Алтынбек Сулайманов өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жоюуну сунуштады. Депутаттын айтымында, аталган кызматтын жасаган иши жыйынтыксыз болууда.

"Бул кызматты жоюп салып, милдеттерин Салык кызматына өткөрүп берип салалы. Эмне иш жасаганынын пайдасы жок болуп жатса, ашыкча чыгымдын эмне кереги бар? Булар экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жүргүзүшкөн жок. Болбосо азыр сунуштап жаткан мыйзам долбоорун жакшылап иштеп чыгышсын, кийин дагы карап көрөбүз", - деди Сулайманов.

Жыйында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын милдеттери тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Талкуунун соңунда депутаттар мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарышты.

Аталган кызматтын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып анда иштегендердин орточо айлыгы 15 миң сомдон 20 миң сомго чейин экендигин айтты. "Орточо айлык 15 миң сомдон 20 миң сомго чейин. Жетекчилердин айлыгы бир аз көп. Кызматкерлерге дем болуш үчүн экономикалык кылмыштуулуктан түшкөн каражаттын 30 пайызын өзүбүзгө алып калууну сунуштап жатабыз", - деп айтты.

Депутат Таабалды Тиллаев: "Уурулар уурдап кеткен акчаны мамлекетке кайтаруунун ордуна кандайча 30 пайызын алып калалы деп жатасыздар. Ал мамлекеттин акчасы, бюджетке түшүүсү керек", - деп ачууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
24.05.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура маселе. МВД УПЭП ушул эле ишти аткарат, АКС дагы ушул ишти карайт, счетная палата, Налог кызматыда ушул эле иштерди карайт, баары эле текшерген болоберсе калганы эмне болот? Жабыш керек ашыкча кызматтарды.
jbolotov түзөттү 2018-05-24 18:34:50
24.05.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Абдан туура, жон эле расход кылып жумушчунун санын кобойто бербей, кыскартып башка тармактарга откоруп берип койсо болот.
24.05.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мвд га бериш керек бул кунго чейин мвд жогорку денгээлде иштеп келген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: