super.kg logo

Жогорку Кеңеш унааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтүн 10 күнгө узартуу боюнча мыйзам кабыл алды

 

Жогорку Кеӊештин 24-майдагы жыйынында унааларды каттоо мөөнөтүн жөнгө салуу жол-жоболорун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунда унааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтү 5 күндөн 10 күнгө чейин узартуу көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаеванын айтымында, мыйзам долбоору коррупциялык иштерди четтетүү, жеке жана юридикалык жактардын унаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

"Азыр каттоо жана кайра каттоо мөөнөтү - 5 жумушчу күн. Бирок 5 күндө унаа ээлери жетишпей калган учурлар болуп жатат. Анткени айрым жумушчу күндөр майрамга туура келип калганда убакыт өтүп кетип жатат. Ошондуктан 10 күнгө жылдырууну сунуш кылуудабыз", - деп түшүндүргөн Туйбаева.

Сатып алынган унаалар 10 күндүн аралыгында каттоого алынбаса, жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 2 миң сом айып салынат. Туйбаеванын белгилешинче, учурда каттоого алынган унаалардын саны 1 миллион 200 миңди түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.05.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо кайра каттоо боюнча прейскурант болсо жазып койгулач, кайра каттоодо кандай унаа канча сом болот?
25.05.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не себептен арзан болду деп илгеркиге караганда 500сом арзан мисалы мен даверност менен айдап жүрөм өзүмө каттамын деп барсам 3000миң сом дейт илгери 3500эле мисалы 03 регион даверност менен жүрүп кайра 03 регион менен өзүнө кат атып алсаң 500сом эле айырма бар барсаң орой мамиле кылат чөнтөгүнө кичине кыстарсаң без очирет бүтүрөт дагы эле корупссия болуп жатат.
25.05.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ жооп жазып койгулачы мен 3жылдык довереность менен эле айдап журом кататпай журо берсем болобу?
25.05.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 кун туура эле болуптур, себеби сырттан келген машиналарды каттаганда 5 кун жетишпейт болчу. Мен каттатканда 1000 сом штраф толодум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: