Ошто 5 кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатындагы "Дүрдана" ашканасынан өрт чыккан







Ош шаарында 24-май күнү 5 кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан "Дүрдана" тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечки саат 22:14тө катталган.
"Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндөгү 5 кабаттуу турак үйдүн (№13) биринчи кабатында орун алган “Дүрдана” ашканасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттүн натыйжасында тамактануучу жайдын 70 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 13-аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Кырсыктан жабыркагандар жок", - дейт басма сөз кызматы.
Тилсиз жоо мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
amirrus

25.05.2018. 10:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ии жаман болуптур лагманды жакшы кылышат эле
bessmertiy

25.05.2018. 14:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечээ ооз ачарга ушул жерден лагман жеп келген элем. мен кеткенде куйуптур да. эми Абу-Бакирге барат экенбиз да лагман жегени.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.