super.kg logo

Өзгөндөгү мечитте таанышын бычактаган адам 5 жылга эркинен ажыратылды

 

Ош облусунун Өзгөн районунда намаз учурунда эки жарандын ортосунда чыккан жаңжал боюнча Өзгөн райондук соту чечим чыгарды. Бул боюнча Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 16-апрель күнү Өзгөн райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен айыпталуучу Т.А.ны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөөсү көрсөтүлгөн. Айыпталуучу буга чейин уруулук фактысы боюнча бир нече жолу соттолгон.

Эске салсак, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы мечитке намаз окуганы келген 64 жаштагы жаран 40 жаштагы мурдагы имамга "зекеттен түшкөн акчаны жеп койгонсуң" деп доомат коюп, бычак сайган. Натыйжада 40 жаштагы имам бычактан жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылган. Жабыркаган Дилмурат Ильяхунов айылда 12 жыл имам болуп иштегенин айтып, окуяга мындайча токтолгон.

"Мен Красный-Маяк айылында 2001-жылдан 2013-жылга чейин имам болуп иштегем. Андан кийин жеке жумуштарым боюнча Бишкек шаарында иштеп жаткам. Окуя дүйшөмбү күнү бешим намазынан кийин болду. Намаз окулуп бүткөн соң берки жаран "отургула, сүйлөшө турган сөздөр бар" деп, андан ары "садага чогултулган сандыктан акча жоголуп жатат" деди. Негизи 4 ай мурун акча чогулган сандыктын ачкычын ошол адамга тапшыргам. Себеби буга чейин чогултулуп келген акча жоголуп кетип жаткандыктан, карап бербейсизби, деген элем. Анан ага акыркы айларда ачкыч сизде болуп жатат да десем, ал кайра менден күмөн санап "сен бул жакка келип намаз окуба, имам болбо" деген сөздөрдү айтты. Анан мени 8-9 жолу уруп жиберип, "жүрү эшикке, эркекче сүйлөшөлү" деди. Мен анын артынан чыктым, эгер алдында бассам, мени бычактап салат беле? Ким билет?.. Сыртка чыккан соң колума, анан көзүмө бычак сайып салды".








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.05.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мечиттеги азандын унун качан азайтсанар. Озгочо танга маал адамдардын тынчтыгын бузасынар. Башкалардын да тынчытыгын сыйлоо керек. Микрофон жок эле кыйкырсанар болбойбу. Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылабыз: ушул мечиттен чыккан азандын кыйкырыгын тыкыр козомолго алып койгулачы. Кээде туну менен арабча ундорду микрофон аркылуу жаныртып салып жатышат.
25.05.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
iryi1,азандын унуно зар болуп калсан экен азыр орозо айы ошого тундосу таравих намазы окулат мечиттерде
25.05.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
iryi1,Радуйся что именно ты слышиш Азан!с
25.05.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уруулук фактысы боюнчабы же (уурулукбу)
25.05.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азандын унун азайткыла. Мечиттин ичинен эле микрофон жок эле кыйкырса болот. ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-25 16:02:18
25.05.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таджикстанда былтыр 2000 жакын мечитты ызы чуусу жок эле жаап салышкан, тажиктер исламдашып фанат болуп кетишпесин деп. Бизде деле ушинтип жарым мечитти жаап же болбосо элдин тынчтыгын камсыздап бериш керек эле. Элдин баары эле фанат эмес да. Дин ар ким озу учун, силердин кыйкырыгынар бироо учун эмес. Ар бир уйдо кичинекей наристе, бобоктор, ж.б толтура адамдар бар. Ошолордун да тынчтыгын сыйлай билгиле. Жакшы нерсени уйронгулочу динчилдер.
sinej түзөттү 2018-05-25 15:51:35
25.05.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообаа не деген адамдар булар? Азандын унун очур деп озуно тируулугундо эле тозоктон участок алып аткандарын кара. Тооба кыл, тооба кыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: