super.kg logo

Өлкөнүн айрым аймактарындагы Акыркы коңгуроо салтанатынан сүрөт баян

 

Бүгүн, 25-майда өлкөнүн 7 дубанында Акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө. Кайгылуу да, кубанычтуу да саналган бул күн аймактарда кандай белгиленип жатканынан сүрөт баян сунуштайбыз.

Бул күндөгү салтанатка Ош шаарына караштуу Ноокат районунун Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби өзгөчө даярдык көргөн. Тактап айтканда, мектеп аянтчасы түркүн түстөгү шарлар менен кооздолгон. Мындай кооздук үчүн 4000 миң даана шар керектелиптир. Ал эми мектептин босогосуна коңгуроонун сүрөтү түстүү бор менен тартылган. Быйыл аталган мектепти 24 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Ал эми Өзгөн районундагы Токтогул атындагы №49-орто мектептеги Акыркы коңгуроо салтанаты окуучулардын концерттик порограммасы менен коштолду.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектепте дагы ушундай көрүнүш орун алды. Иш-чарада бүтүрүүчүлөрдүн окшош форма кийгени өзгөчөлүк болду. Ал эми алдыңкы окуучуларга ар кандай белектер тартууланды. Мектепти жалпы 20 бүтүрүүчү аяктады.
Ош облусунун Араван районундагы В.Ленин атындагы орто мектепте да Акыркы коңгуроо аземи кызуу белгиленди. Өзгөчө бүтүрүүчүлөрдүн бирдиктүү формасы суктанарлык көрүндү. Аталган мектепти бул жылы 23 окуучу бүтүргөнүн жергиликтүү тургун кабарлады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: