super.kg logo

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кылмыш иши козголгон КМКТАУнун окутуучусунун соттук иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

 

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кылмыш иши козголгон Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусунун соттук иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Темир Болотбековдун иши каралган. Анда жактоочу Темир Болотбековдун билдирүүсү боюнча чыгарылган экспертизанын жыйынтыгына нааразы болуп, саясат таануучу жана тилчилерден турган комиссиялык экспертиза дайындоо өтүнүчүн келтирген. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, ага байланыштуу экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Айта кетсек, буга чейин УКМКдан Темир Болотбековго Фейсбук социалдык тармагында башка улут өкүлдөрүн кемсинткен билдирүүсүнөн улам иш козголгондугун билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.05.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш ишин таптакыр токтотуу керек. Ал деген биздин элдин таламын талашып жатат. Биздин олкодо жашаган башка улуттар ар кайсы сайттарда кыргызды малга тенеп жазып,шылдындап жургондорду эмнеге тыйып,кылмыш козгошпойт. Бизден бир адам чыгып,ошондойлорго ачык каршы турса,аны озубуздун эле кыргыздар,кулдук тушунугу менен тепкилеп жатып каласынар. Эгер окуп калсан Болот,сага айтаарым бет алган позицияндан чегинбе! Азыр жалгыз болсон,эртенки куну колдогондор кобоет. Намыстуу кыргыздар.
26.05.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А бул теманы мен тээ 2003-жылы которгом. Камалып кете жаздагам ал учурда. Ал эми азыр деген аз да болсо орусча айтканда нацианольный самосознания которулуп калды го. Ал кезде мени кыргыз эле милициялар,коргон,менин идея,коз караштарымды уккан адамдар улутчул болуп айбансын го деп тан калышкан. Бул деген улутчул болуп башка улуттарга каршы туруу эмес,оз улутундун ар намысын бекем сактоо жана коргоо болуп саналат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: