super.kg logo

Астротөлгө: 26-май күнү төрөлгөндөр ээн баш болобу?

 

26-май күнү эмгекчил, көздөгөн максатына жетүүгө аракет менен жеткен, тарсылдаган адамдар төрөлөт. Башка эгиздерге салыштырмалуу амбициясы күчтүү болот. Токтоо, түшүнүктүү, акылдуу, киши менен байланышты сүйүүчү мүнөзгө ээ. Бирок алардын кенебестиги, камкордук кылбагандыгы жогоруда айтылган жакшы сапаттарына тоскоол болот.

Өздөрү үчүн атайын эрежелерди түзүп, дайыма ошол тартип менен иш жасайт. Башкаларга көз каранды эмес. Эркин болуп, жашоосунда түрдүү окуялардын орун алышын каалайт. Андыктан коом кабыл алган стандарттарга, эрежелерге баш ийбеген, ээн баштык кылмай жөнү бар. Тыюу салынган нерселерге аралашып, крим чөйрөнүн мүчөлөрү болуп калышы толук ыктымал. Ушул күнү жарыкка келгендерди тарбиялоодо бекем болуунун кажети жок. Анткени катуу тарбияны эгиздер эркиндигин чектөө деп кабыл алат.

26 санынын алдында төрөлгөндөр коомдук, саясий тармакта карьера жасайт. Башкалардан аларга бир гана нерсе - жоопкерчилик керек. Өздөрү дагы жоопкерчиликтүү болууну милдет деп билет. Идеалдуу адам болом деп аракет кылат. Эгер бул ою ишке ашпай калса, өзүн басынта бермей жайы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
26.05.2018. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оооууу аябай дал келиптир.
27.05.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле уксус гооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: