super.kg logo

Окумуштуулар ашыкча салмактын пайдасын айтышты

 

Ооруканага инфекциялык дарт менен түшкөн ашыкча салмактуу бейтаптардын арыктарга караганда аман калып жашап кетүү мүмкүнчүлүгү эки эсе көп. Мындай бүтүмгө даниялык дарыгер Сигрид Грибсхольт башында турган илимпоздор келишкен.

Маалыматка ылайык, изилдөөнүн жыйынтыгы Венада өткөн ашыкча салмактуулуктун көйгөйлөрү боюнча Европа конгрессинин отурумунда айтылган. Дарыгерлер 2011-жылдан 2015-жылга чейин медициналык же хирургиялык жардамга муктаж болуп күтүүсүз ооруканага түшкөн 18 миңден ашуун даниялыктардын маалыматын изилдеп чыгышкан.

Окумуштуулар изилдөө учурунда ооруканадан чыккандан 90 күндөн кийин болгон өлүмдөрдү карап чыгышкан. Анда алар ашыкча салмактуу бейтаптардын өлүү коркунучу нормалдуу салмактагыларга караганда 40 пайызга аз болгонун аныкташкан.

Доктор Грибсхольт изилдөөнүн жыйынтыгын төмөндөгүдөй түшүндүргөн.

"Ашыкча салмактан жабыркаган адамдарда курч кармаган оору менен ооруган учурда энергия запастары салыштырмалуу көбүрөөк болот. Мындан сырткары ашыкча салмактуулук иммундук системдеги дем берүүчү бөлүгү менен байланыштуу. Ошондуктан күтүүсүз кармаган ооруларга пайдасы бар", - деп айткан илимпоз.

Окумуштуулар бул изилдөө толугураак адамдардын ар дайым өзүнүн дене түзүлүшүнө нааразы болуп жүргөндөр үчүн жагымдуу ачылыш экенин белгилешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: