super.kg logo
  Саясат  

Юрист Нурбек Токтакунов: "Кулматов өз арызы менен кетти, бул жерде мыйзам бузуу жок"

 

Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан кеткенине 11 күн болду. Бул убакыттын ичинде бажыда коррупция кайра күчөп кеткенин парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыккан. SUPER.KG порталынын "Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу туура эмес чечим болдубу?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакунов жооп берди.

Токтакуновдун белгилешинче, Кубанычбек Кулматов өз арызынын негизинде кеткен, демек, өкмөт туура эле чечим чыгарган.

"Кубанычбек Кулматов өз арызынын негизинде кызматынан кетти, демек, эч кандай туура эмес нерсе же мыйзам бузуу жок. Кызматтан кеткенден кийин бул жерде саясий жагдайлар бар экенин айтты, андай болсо ал кызматта турган учурда мыйзамдуу жол менен күрөшсө болмок. Кызматтан кетүүсүнө эч кандай себеп болбогон учурда соттошкон учурлар практикада көп кездешет, Кулматов да ошол мыйзамдуу жол менен күрөшсө болмок.

Менин оюмча, Кулматовго айрым маалыматтар жеткиликтүү болгону үчүн ал иштен бошотулуп, андан соң ага кылмыш иши козголгон", - деди Токтакунов.

Депутаттар Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев, саясат таануучу Марат Казакбаев жана саясий серепчи Игорь Шестаковдун жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: