super.kg logo

Жанар Акаев Бажы кызматынын жаңы жетекчисин сынга алган. Мекемеден бул боюнча териштирүү башталганын билдиришти

 

Кечээ, 24-майда депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы кызматына жаңыдан жетекчи болгон Алмаз Оңолбековдун ишин сынга алып, ал кызматка келгенден бери бажы тармагында мыйзамсыз иштер болуп жатканын айткан.

"Оңолбеков иштегенине 30 күн боло элек жатып Кубанычбек Кулматовго өчөшүп, ошол жакта көп жылдан бери иштеп келген кызматкерлерди жумуштан алып, айрымдарын кызматтан ылдыйлатып өзүм билемдик кылып жатат. Оштогу айдоочулар кайрылып, транзиттик жүктөрдөн кайрадан акча алына баштаганын айтып жатышат.

Ар бир фурадан 2 миң доллардан алып жатышыптыр. Менде далилдер бар. Керек болсо кимдер кимге пара бергенин так айтып бере алам. Мындай олуттуу иштер менен жакшылап күрөшкүлө. Премьер-министр буга көӊүл буруп, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деген Акаев.

Биз бул боюнча Мамлекеттик бажы кызматына байланышканыбызда, алар бул тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатканын айтып, башка маалымат бере албасын билдиришти.

"Учурда биздин жетекчилик тарабынан депутаттын сөзүнө байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү мунун чын-төгүнү аныкталат", - деди бажы кызматынын малымат катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.05.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кебетесинен бирнесеге тойбогондой корунотко.Тойбогон тооктор.
26.05.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар Акаев башканы айтсаң да ушул Кулматовду айтпачы. Кулматовуңду элдин баары билет, бийликтин эрке баласы болуп, колунан иш келбесе дагы майлуу сүттүү орундарда иштеп жүргөн, эмнеге эле мынча Кулматовко болушуп аны коргоп атасың же эмне сугунган миллиондорунан сага да бөлүшөм деп атабы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: