Ишкер: "Өкмөт музейге эмерек жасап бер деп буюртма берсе, сыймыктануу менен арзан эле жасап бермекпиз. Мисалы, отургучту 3 миң сомдон"




Бүгүн, 25-майда "Ата Мекен" фракциясы Тарых музейинин курулушунун жүрүшү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Көчмө жыйын учурунда кофе, чай ичип отуруучу отургучтардын ар биринин баасы 100 миң сомдон сатылып алынганы айтылды. Эмеректер музейге германиялык "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы тарабынан алынып келген. Мындан улам SUPER.KG порталы Бишкектеги ата мекендик өндүрүштөгү эмеректердин баасына кызыгып көрдү. Мындай эмеректерди биздин усталар жасай алат беле деген сурообузга эмерек цехин иштеткен ишкер Замир Айылчиев жооп берди.
Мен отургучтан 100 миң сомдук эч нерсе көрө алган жокмун. Отургучтардын мындай кымбат болуусу жомокто гана кездешиши мүмкүн. Биз жасаган отургучтардын максималдуу баасы 2 жарым миң сомду же такыр болбосо 3 миң сомду түзөт. Ал эми музейдеги отургучтан артыкчылык катары эч нерсени байкаган жокмун. Эгер ал жаңгактын жыгачынан жасалып келсе, баасы бир азга кымбат болот эле, бирок бул чылгый эле темирден жасалганы байкалып турбайбы", - деди ал.
Ишкер өзүнүн менчик ишканасында жогорудагыдай отургучтар болгону 2 миңге жетпеген баада сатылса, өтө эле шөкөттөлүп, кездемеси Түркиядан алып келинип, кардардын көптөгөн каалоосуна жараша жасалган учурда гана 5 миң сомго чейин сата турганын кошумчалады.
"Мен ишим боюнча чет өлкөгө көп чыккам. Ал жакта деле баасы кымбаттары бар. Бирок алар Тарых музейине алынган отургучтардай эмес, такыр башкача. Негизи өкмөт ошондой эмеректерди жасап берүүнү кыргыз ишкерлерине буюртма берсе кубанмакпыз. Мисалы, мага буюртма бериле турган болсо, сыймыктанып гана арзан баада сапаттуу жасап бермекмин. Ошондуктан мен отургучтардын сүрөтүн көрүп, ага коротулган акча сол чөнтөккө кеткенин айтып турат деп ойлодум. Ошол эле музейдеги эмеректердин баарын жасаганга Кыргыз өлкөсүндөгү усталардын кудурети жетмек ", - деди ишкер.
кошулду


Ошол 87 эр-азаматтардын арбактары уктатпасын паракорлорду...
Ал эми музейде чай-кофеге, диван, кресло, стол-стулга балээ барбы?!!
Ошону тушундуруп берээр бироо жарым барбы?!!
Мен бир нече ирет болгом Тарых музейинде. Ал музей тарых менен таанышуу бурчу, экспонат ж.б.орун алган. Болбой эле бара жатса уч этаждын ар бирине 2ден диван коюп койсо жетет ашыгы менен. 300-500$лык дивандан 6ны. Болгону 2000-3000$ кетмек.
Биз 10 000 сом үчүн канча иштейбиз.Булар жатып алып эле таап коет тура элдин эсебинен кредит алып жыргап санаа деген жок.