super.kg logo

Ошто үч унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 2 наристе жабыркады

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда үч унаанын кагылышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жолдун боюнда турган эки жаш бала жабыркады. Бул тууралуу Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-майда болжол менен саат 17:30дар чамасында катталган.

"Кырсык Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Өзгөн шаарынан Ош шаарына келе жатып, карама каршы тилкеде келе жаткан унааны сүзгөн. Андан соң ошол эле багытта келе жаткан Matis унаасын сүзгөндө, унаа айланып барып жолдун боюнда турган эки жаш баланы сүзүп токтогон. Кырсык болгон жерден эки наристе Ош облустук ооруканасына жеткирилип, учурда дарыланууда", - деди маалымат катчы.

Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 59 жаштагы К.Б. болгон. Окуя болгон жерден кырсыкка кабылган үч унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, териштирүү иштери башталганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.05.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шоопуру мас экен деп да кошпойсунарбы.Эки наристе омур менен олумдун ортосунда жатышат.Ичпей олсун ичпей болгондода орозо маалында.Байкуш наристелер аябай кыжаалатпыз.Шыпаасын берсин АЛЛАХЫМ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: