super.kg logo

Корея өлкөсүнө жумушка орноштурам деп эки жарандын акчасын алып алдап кеткен аял кармалды

 

Корея өлкөсүнө жумушка орноштурам деп алдап 5 жарым миң доллар акчаны алып, качып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы К.М. аттуу жаран Корея өлкөсүнө жумушка орноштурууга убада берип эки жарандан акчасын алгандан кийин качып кеткен. Жабырлануучулар 24 жаштагы У.Э. жана 23 жаштагы К.Т. аттуу жарандар болгон. Алар аталган өлкөгө баруу үчүн шектүүгө 5 жарым миң доллар акчаны ишенип беришкен. Алар убакыттын өтүшү менен алданып калганын билишип, укук коргоо органдарына кайрылышкан.

"Бул факт боюнча Бишкек ШИИББи Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 204-беренеси (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен иш козгогон. Ыкчам тергөө тобунун иш аракетинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кимде ким сүрөттөгү жарандан жабыркаган болсо, төмөндөгү телефон номерлерге чалып, кабар берүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деди маалымат катчы.

Байланыш телефондор: 0312 26 63 98; 0779 88 46 99.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.05.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эчкимге ишенбей турган заман болуп калды
26.05.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
укмушго жаш эле туруп.
26.05.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anaraalieva,эми укмушко карып кетиптир дейт окшойбуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: