super.kg logo

Астротөлгө: 27-май күнү төрөлгөндөр эксперимент жасоону сүйүшөбү?

 

27-май күнү адилетүү жана чындык үчүн күрөшүүнү жактырган адамдар төрөлөт. Башка эгиздерге салыштырмалуу ойлонуусу жана дүйнөгө болгон көз карашы башкалардан өзгөчөлүгү менен айырмаланышат. Эгерде аларды курчап тургун чөйрөсүндө теңсиздик жана адилетсиздик орун алып жатса, болгон күчү менен баарын калыпка келтиргенге аракет кылышат. Элдин маанайынын түшкөнүн жана көтөрүңкү экенин байкай алышкандыктан көпчүлүк менен иштөөгө жана адамдар менен бат тил табышууга жөндөмдүү келишет.

Бул күндө төрөлгөндөр өздөрү иштеп жаткан жумушуна көп энергиясын арнашат. Ошондуктан алар өздөрүнүн ден соолугуна кам көрүүнү унутуп кала беришет. Жеке карьерасына келгенде бул күндө төрөлгөн адамдар эки түргө бөлүнүшөт. Биринчилер - жалпы кесиптештеринин жана жумуштун идеясы менен күрөшүүнү артык көргөндөр. Ал эми экинчи түрдөгүлөр - өзү менен өзү өнүгүүнү каалагандар. Ошондой эле 27 санынын алдында төрөлгөндөр - эмгекчил болуп, берилген ишти майын чыгара аткарган адамдар. Кандай ишке барбасын, алар бардыгын жаңыдан баштоого аракет кылышат. Алар ошол эле учурда саякаттоону абдан жакшы көрүшөт. Аталган күнү жарыкка келгендердин эң негизги өзгөчөлүгү эксперимент жасап көрүүнү жактырышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: