super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 27-МАЙ: Баңгизат колдонуп, анын айынан түрмөгө отуруп чыккан бокс боюнча дүйнө чемпиону Жонни Тапиа быйыл 51 жашка чыкмак

 

Америкалык профессионал мушкер, бокс боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону Жонни Тапиа АКШнын Альбукерке шаарындагы үйүндө 45 жашында көз жумган. Жонни Тапиа 1967-жылы 13-февралда АКШнын аталган шаарында төрөлүп өскөн. Анын акыркы мушташы 2007-жылы 23-февралда болгон. 66 мушташтын 59ун жеңип, 30 ирет каршылашын нокаут менен жеңген. 5 ирет жеңилип, 2 жолу тең чыккан.

Тапиа 8 жашында апасынан ажырайт. Ал эми атасына карьерасындагы эң таанымал учурунда биринчи жолу жолугат. Аны чоң атасы менен чоң энеси чоңойткон. Жаш спортчу 1980-жылдары өз алдынча бокс менен машыга баштаган. 1983-1985-жылдары 2 жолу Америкадагы мелдештерде жеңишке жетишкен. 1988-жылы гана профессионалдык бокс менен алектенип, ошол эле жылы дебюттук беттешин өткөрөт.

1990-жылдары Тапиа баңгизат колдоно баштайт. Натыйжада 3 жылга мелдештерден четтетилип, дарыланууга жиберилет. Боксчу 4 жылдан кийин гана кайрадан рингге кайткан. Ошентип 1995-жылы бокстун WBO Хосе Рафаэля Сосу версиясы боюнча дүйнө чеимпиондугунда ийгиликке жетип, биринчи чемпиондук титулуна ээ болот. Мындан башка да бир нече жолу түрдүү версияларда чемпондукка жетишет.

Жубайы Тереза мененСпортчу карьерада канчалык бийиктеген сайын баңгизатка да ошончолук көз каранды боло берген. Натыйжада кайра-кайра дарылануу үчүн ооруканага жатып турган. 2007-жылы Тапиа америкалык мушкер Эваристо Примеро менен беттешер алдында бокстан кетерин жарыялаган. Беттештен кийин ал мейманкананын бөлмөсүнөн эсин жоготкон абалда табылат. Анын жанында кокаин да болгон. Ошентип ал 2009-жылы баңгизатты сактаганга айыпталып, камакка алынган. Түрмөдөн чыккан соң ал кайрадан бокска кайтат. Өзү ошол күндөрүн "менин баңгизаттан көз каранды болбой калышыма жубайым Терезанын салымы чоң" деп эскерген. Тапиа акыркы мелдешин 2011-жылы колумбиялык мушкер Маурисио Пастраныга каршы өткөрүп, кийин биротоло бокстан кеткен.

Тапиа 2012-жылы 27-майда АКШнын Альбукерке шаарындагы өз үйүнөн жансыз абалда табылган. Алгач анын өлүмүнүн себеби аныкталган эмес. Кийинчерээк жубайы Тереза мушкер жүрөк оорусунан көз жумганын билдирген.

27-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.05.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бывших наркоманов не бывает дегендей акыры онокот адаты олумго алып келди да..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: