Айбек Калиевдин ордуна "Улуттук энергохолдингге" жаңы башчы келди
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын башчысы болуп Азамат Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан таратышты.
Маалыматка караганда, Абдыкадыров бүгүн, 26-майда мекеменин жамааты менен тааныштырылган. Буга чейин ал "Электр станциялары" ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп келген.
Эске салсак, 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматынан Айбек Калиев бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
5

