Испаниялык "Реал Мадрид" 3-ирет катары менен Чемпиондор Лигасын багындырды











27-майга караган түнү Украинанын Киев шаарында Европадагы футбол боюнча эң беделдүү лига - Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши орун алды.
Анда испаниялык "Реал Мадрид" менен англиялык "Ливерпуль" командаларынын кызыктуу тиреши өттү. Беттештин алгачкы таймында "Ливерпулдун" жылдызы Мохаммед Салах жаракат алып оюн талаасын таштоого аргасыз болсо, "Реал Мадрид" командасынын коргоочусу Даниэль Карвахаль жаракат алып оюн талаасынан кетти.
1-таймда командалар жакшы ойной албай 0:0 эсеби менен тыныгууга тарашты. 2-тайм "Реалдын" кооптуу чабуулдары менен башталып, 51-мүнөттө Карим Бензема атаандашынын дарбазачысы Лорис Кариустун катачылыгынан колдонуп, эсеп санын ачканга үлгүрдү. "Ливерпуль" командасынын оюнчулары көпкө күттүрбөй эсеп санын тең кылганга жетишти. 55-мүнөттө бурчтан чыгарууну Садио Мане жыйынтыктап, эсепти 1:1 кылды. 64-мүнөттө Марселонун чыгарып берүүсүнөн улам оюн талаасына жаңы эле чыккан Гарет Бейл кооз сокку менен эсепти 2:1ге айлантты. 83-мүнөттө кайрадан эле Гарет Бейл алыскы аралыктан таамай сокку менен эсеп санын 3:1 кылганга үлгүрдү. Оюн аяктады. Жеңиш "Реал" тарапта. Аталган команда ушуну менен 3-ирет катарынан Чемпиондор Лигасын багындырды.

Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! 10 күн БАНга!
Салахка ден-соолук,Рамоско кичине намыс каалайм.Дагы бир жолу женишинер менен.(ФАН БАРСЫ)
Суперстан бөлүмүнө кирип, атайын бөлүмгө тема ачсаңыз болот, талкуудан алыстабаңыз: http://www.super.kg/superstan/
озун сыйлайт анан жана башкалар
Келгиле барсачылар уйго
Отуруп кок ичет элек
Кечееки болуп откон тундо.
Деп ыр жазтыртасынар да жок жерден илхомду келтирип)))
мен лична фанат эмесмин мага ким кучтуу ошол маанилуу реалдын фанаттары озунорду Кыргызстанда жургонунорду унутпагыла чемпианат мирде коробуз мактанганынарды