super.kg logo

Кипрде 27 жаштагы Кыргыз жигити көп кабаттуу үйдөн кулап, абалы оор

 

Түндүк Кипрдин Гирне шаарында 27 жаштагы Кыргыз жигити өзү жашаган көп кабаттуу үйдөн кулап түшүп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 24-май күнү болжол менен саат 10:45те болгону жазылууда.

Кыргыз жигити батирдин жогорку кабатынан кулап, оор жаракат алган. Биринчи жардамды аймактык ооруканадан алып, кийин Лефкоша шаарындагы мамлекеттик ооруканага жеткирилген. Ага аталган ооруканадан операция жасалып, андан соң комага түшүп калган.

Кийинчерээк чет элдик басылмалар Кыргыз жигитин 4-кабаттан кулап, бетонго түшкөнүн жана денесинде бычактын издери болгонун жазып чыгышты. Учурда полиция кызматкерлери бул окуяны иликтөөдө.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Жабырлануучунун жанында туугандары бар, алар менен элчилик байланышта болуп турат. Азыр окуя эмнеден улам болгону такталып жатат. Бул кырсык боюнча эки жоромол айтылууда. Эгер биздин жаранга кимдир-бирөө тарабынан кол салуу болгон болсо, анда элчилик укугун коргоо боюнча иш алып барат. Бул окуя дагы да такталып, кошумча маалымат берилет", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.05.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараткан шыпаасын берсин,айыгып кетсин.
28.05.2018. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айыгып кетесиң
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: