super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору кармалганы айтылууда

 

Ильяс ТулекеевКыргыз өлкөсүндө алтын казган "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеевдин Бишкекте кармалганы кабарланууда. Аталган маалыматты кечээ, 26-майда бир нече ЖМКлар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Тулекеев "Манас" эл аралык аэропортунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Азырынча аталган мекеме бул маалыматты ырастай элек. Тулекеевдин кармалганы боюнча казакстандык Tengrinews.kz сайты: "Компания маалыматты ырастады. Азырынча алар укук коргоо органдарынан Тулекеевдин кармалышы боюнча расмий маалымат күтүп жатышат", - деп жазып чыгышты.

Аталган алтын компаниясы өлкө аймагында "Казахмыс Голд Кыргызстан" деген аталышта 2007-жылдан бери иштеп келген. Алар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак аймагынан алтын, жез казып эмгектенишет. Компания 2015-жылдын 31-октябрында "KAZ Minerals Bozymchak" болуп өзгөргөн. Ильяс Тулекеев "KAZ Minerals Bozymchak" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүлгөндөн бери жетектеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: