super.kg logo

АКШ менен СССРдин айынан экиге ажыраган Корей эли

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Корея президенти Мун Жэ Ин кечээ, 26-майда 2-жолу жолугушуу өткөрдү. Бул окуяны корей эли жарым кылымдан ашык убакыт күткөн. Эки лидер кепке келип, иштешүүгө даяр экенин билдирген соң 60 жыл мурун башка-башка жолго түшкөн корей эли дүйнө коомчулугунун талкуусунан түшпөй келүүдө. Корейлер кантип экиге бөлүнүп калган? Бөлүнүүсүнүн себеби эмнеде? Бул ирет биз бир эл кантип эки өлкөгө айланып калганын баяндап берүүгө аракет кылдык.

Ким Чен Ын менен Мун Жэ Ин 2-ирет жолукту

Колдон-колго өткөн корей эли

Корей эли жашаган Корей жарым аралы жалпылап алганда саясий себептерден улам экиге бөлүнүп калган. Тагыраагы, буга өздөрүнүн саясий лидерлери жана АКШ менен СССР себеп болгон.

Корей жарым аралында VII кылымдарда корей эли Силла, Пэкче жана Когуре деген чоң мамлекеттердин курамында жашаган. Ар кандай саясий окуялардан кийин VII-X кылымдарда аталган аймакта Силла биримдиги орнойт. X-XIV кылымдарда болсо Корё мамлекети өкүм сүрөт. Ал эми XIV кылымдан XX кылымдын башына чейин Чосон мамлекети жашаган. XIX кылымдын аягында корей эли кытайларга көз каранды мамлекетке айланган. 1894-1895-жылдардагы кытай-япон согушунан кийин Корей жарым аралы Япониянын карамагына өтөт.

Силла, Пэкче жана Когуре мамлекеттери

"Улутчулдар" менен "коммунисттердин" тиреши

Корейлердин жогорку интеллигенциясы ошол учурларда өлкөнү өнүктүрүү боюнча япондордон көп нерсени үйрөнүүгө аракет кылышкан. Бирок 1917-жылдагы Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин корейлерде дагы бир идеал пайда болгон. Бул коммунизм эле. Аталган окуядан кийин корейлерде "улутчулдар" менен "коммунисттерден" турган эки топ пайда болот. Экөөнүн тең максаты - эгемендүү мамлекетти куруу.

Корей коммунисттери

Корей элин экиге бөлгөн "38-параллель"

Япония 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин корейлер эркиндикке чыгат. Бирок алар бул согушта япондорго каршы күрөш жүргүзбөгөндүгү үчүн алардын эрки өздөрүндө болгон эмес. Бул салгылашууда СССР япондорго кургактан туруп сокку урса, АКШ деңизден туруп корей жарым аралын бошотууга катышкан. Корейлердин тагдырын чечүү укугу АКШ, СССР жана корей саясий партиясына берилген. 1945-жылы августта Корей жарым аралындагы 38-параллелди аскерий аракеттердин жоопкерчиликтүү чеги катары тандап алышкан. Тагыраагы, АКШ аталган чектин ылдыйына, СССР жогорусуна аскердик жоопкерчиликти алган. Корея япондордон бошотулганга чейин эле Шанхайда корей эмигранттарынын өкмөтү түзүлөт. Кийин алар 1945-жылдын сентябрында өздөрүн Корей Элдик Республикасы деп расмий жарыялайт. Бирок алардын эгемендүүлүгүн эч бир мамлекет, жадакалса АКШ да, СССР да тааныбай коёт.

38-параллель38-параллелдеги эки өлкө аскерлери

БУУ менен СССРдин талашына түшкөн Корея

Ошентип 1946-жылы СССР Кореянын түндүк бөлүгүндөгү элге социалисттик багыттагы достук мамлекетин түзүүгө сунуш берет. Натыйжада Түндүк Кореяда бир нече майда партияларды бириктирген Эмгекчилердин партиясы түптөлөт. 1947-жылы Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясы Кореяда Улуттук жыйынга (парламент) шайлоо өткөрүү боюнча резолюция кабыл алат. Бирок СССР муну колдогон эмес. Буга карабай БУУ шайлоо өткөрүү боюнча комиссия түзөт. СССР аларды Кореянын түндүгүнө өткөрбөй койгон. Түштүк аймактагы шайлоонун жыйынтыгында парламент түзүлүп, президенттикке антикоммунисттик көз караштагы Ли Сын Ман шайланат. Кийин 1948-жылы Кореянын түндүгүндөгү шайлоонун жыйынтыгында Корей Элдик-Демократиялык Республикасы негизделет. Бийликке Ким Ир Сен келет.

Ким Ир Сен бийликке келген жыйын

3 жылга созулган жарандык согуш

1950-жылдардын башында Түндүк Кореянын лидери Ким Ир Сен өлкөлөрдү бириктирүү үчүн Кореянын түштүгүнө аскердик басым жасоого активдүү аракет жасай баштайт. Ага чейин түштүк аймакта коммунист корейлердин уюштуруусу астында тынымсыз демонстрациялар өтүп, конфликттер чыгып турган. Буга байланыштуу Түштүк Кореяда коммунизмге каршы маанай пайда болот. Президент Ли Сын Ман улуттук коопсуздук боюнча атайын буйрук чыгарып, өлкөдөн коммунисттерди массалык түрдө тазалай баштайт. Аскердик тараптан аны БУУнун ыктыярчылары жана АКШ колдоп турган. Ошентип Ким Ир Сендин курал менен өлкөнү бириктирүү аракети ишке ашпай калат. 1950-1953-жылдардагы болгон жарандардын кандуу кагылышуулары корей элин биротолө эки өлкөгө ажыратат.

Жарандык согуш

"Кансыз согуш" саясаты

Корейлер ондогон жылдар бою бири-бирине "кансыз согуш" саясатын жүргүзүп келди. Түндүк Кореяда бийлик атадан балага мураска өтсө, Түштүк Кореяда саясий атаандаштык болгон. Жетекчилер алмашкан сайын бирде мамиле жакшырып, бирде начарлап отуруп арадан жарым кылымдан ашык убакыт өттү. Түштүк Кореянын жаштары коммунизмге каршы багытта тарбияланышат. Түштүк эли үчүн Түндүк Корея баскынчы, баллистикалык ракеталар жана өзөктүк курал менен коркутуучу мамлекет катары мүнөз калтырган. Түндүк Корея жабык өлкө болгону үчүн боордош эл тууралуу кандай пикирде экени жөнүндө маалыматтар аз.

Түндүк Кореядагы аскердик парад






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(22)
27.05.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тундук Корея алданба АКШ оздорун ойлойт
27.05.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Chungyz, Түштүк-Корея эмнеге алданбай эле АКШ мн союздаш болуп өнүгүп кетти? Кичине башты иштетсенер . Орустарың өзүн ойлобой кыйратат ооба силерге.
27.05.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Адам баласы эмненин этин жесе мунозу да ошо жаныбарга окшоп калат деп бекерден айтбаса керек. Илгерки Чосон мамлекети майда канча болукторго болунгон. Когуре, Пекче, Силла, Киа, Пуе сынду майда падышачылыка болунуп кететтер. болбосо баары эле бир карис
27.05.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ошондуктан биз да түндүк түштүк болуп бөлүнбөйлү.
27.05.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Автор.
27.05.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
СССРдин жемиши. КНДР менен түштүк Кореяны салыштырып болбойт. Куба өлкөсү да СССРдин жемиши.
27.05.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
newman, СССР короого малды камагандай караганда атуулдарын
27.05.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Значет Орустар күнөөлүү экен БУУга каршы чыгып
27.05.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Россия менен союздаш мамлекеттер Тундук Корея, Вьетнам, Ангола, Куба, Сирия, Египет, Словакия, Венгрия.СССР убагында турган 15 колония. АКШ системасы менен кеткендер: Туштук Корея, Грузия, Япония, Индонезия,Израиль, Сауд арабтары Дубай ж.б
27.05.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
jbolotov, Туура, СССР системасындагы өлкөлөр криминалга, коррупцияга, зомбулука, текебердике, адам укуктары бир тыйынга айланган өлкөгө айланып калды көбү.
28.05.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,Грузия биз сыяктуу эле СССР дин курамында болгон. Сталин грузин улутундагы болгонго!
27.05.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
СССРдин тармагында 1 да мамилекет онуккон эмес и онукпойт дагы. Американын, Англиянын составындагылар эн жогорку даражага жеткен!
27.05.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakulja, Эстония, Польша, Чехия онуккон олколор
28.05.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asha302,евросоюзга кирет алар
28.05.2018. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karakulja,сен СССР деп атбайсынбы. Естония, Латвия, Литвия СССР курамындагы өлкөлөр болгон.
Бирок биринчи ушулар составтан чыгып кеттилер
28.05.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asha302,Булар эми Евросоюзга кирип өнүгүп жатышат!
27.05.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атамьаев куноолуу
28.05.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco22,бакиев эмес атанбайбы
27.05.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйнодо тынчтык болсо болду мен учун.
27.05.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким Чен Ынды колго тушуруу учун американын саясаты.Жакында Тундук Кореяны Туштук Кореяга кошот.
27.05.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bekmaral,кошулуш керек булар бир улут . Эки тарапта калып калган канча бир туугандары бар . Эгер кошулса аябай кучтуу мамлекетке айланат . Элестет Нарын менен эле Ош эки башка мамлекет болуп калган
28.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
States,андай десен туура эмес болуп калат экен Ош менен Жалал абад десен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: