super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 28-МАЙ: Кинорежиссёр, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаев бүгүн 79 жашка чыкмак

 

Кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаев 69 жашында оорудан улам көз жумган. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Дооронбек Садырбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда)1939-жылы 13-февралда туулган.
Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Дооронбек Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектепке кирип, 1957-жылы аяктаган. 4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз телевидениесине режиссёрлук жумушка орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу инсандар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргыз тилине которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.
Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев - 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Садырбаевдин 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.
Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. 1995-жылдан тартып көзү өткөнгө чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Эл өкүлү калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган. 2000-жылдардын башында өлкөдөгү бир катар оппозициячыл нааразычылык жыйындарын уюштурууга катышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: