super.kg logo
  Саясат  

Мектепти артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө алтын медаль тапшырылды

 
Алтын медаль алган Саламат кызы Мээрим
Мэр Иса Өмүркулов алтын медаль тапшырууда
Алтын медалга татыктуу болгон окуучулар сыйланышты
Мэр алтын медаль алгандарга кең келечек каалады
Мэр Иса Өмүркулов алтын медаль тапшырууда
Мектепти артыкчылык менен бүткөн бүтүрүүчүгө алтын медаль тапшырылууда
Бүтүрүүчүлөр үчүн дүйүм тамакка толгон атайын столдор даярдалган
Цирктен келген жигит өз өнөрүн көргөзүүдө
Мектеп жетекчилери жана мэриянын өкүлдөрү үчүн атайын столдор даярдалган
Алтын медалга татыктуу болгон окуучуларды даярдаган мугалимдердин дагы кубанычында чек жок
Бүтүрүүчүлөрдүн жакындары 2-кабаттан кечеге көз салып турушту
Бүтүрүүчүлөр үчүн концерт уюштурулган
Ырчы Бураш дагы бул кечеге конок катары чакырылган
Бул кечеге ырчылар да келишиптир
Минтип сүрөткө түшкөндөр абдан көп болду
Ырчы Арсен дагы кеченин күнөөкөрлөрүн куттуктап келиптир
Бийчилер көпчүлүктүн көңүлүн көтөрдү
Бүтүрүүчүлөр дал ушундай алтын медаль алышты
Артыкчылык аттестаты
Алтын медаль алгандыгы тууралуу күбөлүк
Алтын медаль ээлери минтип сүрөткө түшүштү
Арсен: "Тагдырым сага жазганда..."
Кече көңүлдүү уланууда
Алпаруучу Эркин Рыскулбеков бийлегенге да жетишти
Бүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүүдө
Бүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүштү
Алтын медаль ээлерин жакындары куттуктап келишкен
Ырчы Чолпонай "Классташым" аттуу ырды аткарууда
Ырчы Омар кеченин күнөөкөрлөрүн куттуктап, ырдап жаткан учуру
Ортого чыгып, бийге түшкөндөр да болду
Кече кызуу уланууда
Алтын медаль тапшыруу аземи уланууда
Медаль ээлерин ата-энелери да куттукташты
Жай музыкага эки-экиден болуп бийлегендер да болду
Ырчы Омар менен Нурбек Савитахунов ырдаганда кыздар жандана түштү
Ырчы Омар менен Нурбек Савитахунов ырдаганда кыздар жандана түштү
Жай музыкага эки-экиден болуп бийлегендер да болду

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде шаардагы мектептерди жогорку жетишкендиктер менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө алтын медаль тапшырылды. Майрамдык кечеде шаар боюнча 4573 бүтүрүүчүнүн ичинен 61и алтын медалга ээ болушуп, кызыл аттестат алышты. Алтын медалдардын ээлерин ырчылар куттуктап, алар үчүн дүйүм тамакка толгон атайын дасторкон да даярдалыптыр. 11-классты артыкчылык менен бүтүрүп жаткан Саламат кызы Мээрим кубанычын жашырбай, баарына ыраазычылык билдирип кетти. “Бүгүн мен үчүн абдан кубанычтуу күн, 11-жыл бою күчтүү аракет менен окуп, көптөн күткөн медалды алдым. Алтын медаль алуу мен үчүн өтө чоң сыймык. Келечекте Кыргызстанга салымымды кошкон кыздардан болсом деген кыялым бар. Ошондуктан экономист болууну көздөп жатам. Ал эми жалпы бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалайм”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: