super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

 

28-29-майда Бишкекте жана өлкөнүн айрым аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт! Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 28-майда күндүз жана 29-майда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 16…21°, тоо этектеринде 14…19°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2°…+3° болушу күтүлөт.

Ал эми 29-майда түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 2018-жылдын 28-31-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтары, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине шашылыш билдирүү боюнча маалыматтар жеткирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озун сактай гор!
28.05.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лето не будет деп койгула..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: