super.kg logo

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү үчүн 1-июндан тарта 50 миң сом бериле баштайт

 

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү үчүн жөлөк пүлдар 1-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов айтты.

Анын айтымында, маркумдардын жакындары жөлөк пулду 3 ай аралыгында ала алышат.

"Чет жакта жүрүп каза болгондордун сөөгүн алып келүүгө бир топ жеңилдиктер түзүлдү. Буга чейин маркумдардын денесин алып келүү үчүн 1 айга жакын убакыт кетсе, азыр 3 күндө алып келүүгө болот. Ошондой эле мурда ондогон документтерди чогултуш керек болсо, учурда 3 эле документ керек. Жаңы мыйзам 1-июндан тарта күчүнө кирет. Каза болгондордун 98 пайызы Орусиядан алынып келгенине байланыштуу бул жагдай эске алынып, жөлөк пулдун көлөмү 50 миң сом деп бекитилген. Бул каражат чет жакта окууда, эс алууда же болбосо иштеп жүрүп каза болгондордун жакындарына берилет. Буга чейин комиссиянын чечимине жараша 15-30 миң сом берилчү", - деди Токтоболотов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.05.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ылайым эч ким каза болбосун эсен-аман эл-журтуна, балдарына,ата-энесине кайтып келишсин баары
28.05.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каза болбой зле койушсун,,бирок закон кабыл алганынар жакшы болуп эле атпайбы бироолор алып кете албай ошол жакка комуп койушту бул да болсо женилдик..бир аз болсо да..
29.05.2018. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ушул окмоттун акчасынан. Торт аягынар аман болсун. Эсен аман келгиле туугандар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: