Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловго SUPER.KG порталынын атынан ачык кайрылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Анарбекович Кадыркуловго SUPER.KG маалымат порталы ачык кайрылуу жолдойт:
"Урматтуу Идрис Анарбекович!
Бүгүн, 28-май күнү эртең менен SUPER.KG маалымат порталынын журналистине белгисиз телефон номери аркылуу жеке номерине телефон чалуу болду. Байланышкан адам өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, андан ары ал журналистти УКМКга келип кетүүсү керектигин билдирген. Ошол эле учурда телефон чалган адамдын УКМКнын кызматкери экендиги боюнча маалыматтын тактыгы белгисиз экендигин билдиребиз.
SUPER.KG маалымат порталы бул аракетке карата сиздин чара көрүүңүздү суранат. Себеби бул аракетти SUPER.KG маалымат порталы сөз эркиндигине карата шек келтирүү, редакцияга карата кысым көрсөтүү жана коркутуу деп баалайт.
Өз учурунда SUPER.KG маалымат порталы УКМКга порталга жарыяланган тийиштүү кабар боюнча ким чалганын жана ал бейтааныш телефон номер тууралуу маалыматты өткөрүп бере алат.
Сизди Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген сөз эркиндигин коргоого мүмкүн болгон аракетин көрөт деп ишенебиз".


Бул сайт да саясий буюруктарды аткарып кетпейт деп айтыш кыйын.
Акча аркылуу баарын кылса болот.
Бул болсо да ашанын тааныштары. Ашага карата сын пикир коп айтабыз ошонун айынан бул болуп атат.
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!