super.kg logo

Чүйдөгү милиция бөлүмүндө жигит жаш кызды бычактап өлтүрдү. Милиция аны кызды уурдап бара жаткан жеринен кармаган

 

Бишкекте 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кеткен жаран ага бычак сайды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча маалымат келип түшөт. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 29 жаштагы Б.М. аттуу айдоочу башкарып келе жаткан. Машинанын ичинде 30 жаштагы С.А. аттуу эркек киши жана 20 жаштагы Т.Б. аттуу кыз болгон. Алар Жайыл РИИБине жеткирилип, кабыл алуу бөлүмүнө 20 жаштагы кыз киргизилген. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. кирип келип эшикти ичинен бекитип алган. Бөлмөдө уруш-талаштын дабышы чыкканынан улам эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери жерде канжалап жаткан кызды көрүшкөн. Ал эми ага кол салган жаран өзүнө да бычак сайган.

Жабырлануучу 20 жаштагы Т.Б. Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашаган. Ал алган жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Кызга кол салган жаран 29 жаштагы Талас облусунун тургуну болгон. Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ал эми унаадагы үчүнчү жүргүнчү С.А. Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Ошондой эле окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрө турганы айтылат маалыматта.


кошулду





Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
28.05.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Милициянын шалаакы мамиле кылган ар бирин оз озунчо болмого алып кириш керек болчу
28.05.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чопчон эле киши экенго(
28.05.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Милициянын өзүндө өлтүргөн болсо, сүйүүсү күчтүү окшойт эле
28.05.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адамды урдоо аркылуу уй булоо куруп кереги жок. Азыркы замандын эн жаман жапайчылык корунушу.
28.05.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Милициялар жинди го. Шектууну нормальный жерге киргизип камап туруш керек да.Жакшы милициянын баарын кошо олтурбоптур.
28.05.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Милицияларды окуудан откоруп текшериш керек элементарный кемчиликтен ушундай болду
28.05.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Милиция коргой албай калгандан кийин... соз жок! Кимге ишенебиз эми? Милициянын кебетеси бул, тартип жок таптакыр. Чондор болсо болушунча алдап элди ичип жеп, деги укмуш эле болуп атат биягы. Каяктарга бараттык экен?
28.05.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенуу кыйын башка маселе болушу мумкун
28.05.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таптакыр эле башка версия болушу да мүмкүн,айтор ишениш кыйын.А эгер чындап ушундай болсо байкуш катуу сүйгөн экен,макул болбосо кызуу кандуулука алдырган турбайбы.
28.05.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Милиция бөлүмүндө тартип жокпу. Кызды алып кирген кабыл алуу бөлүмүндө кызматкер болбогонбу. Тиешелүү милициялар да жазаланышы керек. Кыз менен сүйлөшүп ишти бүтүрөм десе, жалгыз калтырып коюшкандыр да, сүйлөшүп алышсын деп.
28.05.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Милициялар бычагын текшербей эмне кылып журушот деймда
28.05.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Милициялардын дагы жоопкерчилиги каралышы керек. Кызматына конул кош карагандыгы учун жок дегенде жумуштан алынышы керек
28.05.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч кандай катуу суйгон жери корунбойт,кызуу кандуулукка алдырып олтургудой ал кыз душманы беле,мындай адамды эгоист деп коет озун ойлоп мага буюрбаса башкасына да жок деп олтуруп салды да,акмак
28.05.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайра кайра бычак сайгыча милиция эмне иш кылды. Кочодо же уйундо эмес милиция болумундо болгон окуя экен. Шалаакылык беренеси боюнча аларды да жазалоо керек.
28.05.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Милицяларга иш козголушу керек москвада баары жогун шыпырып анан решеткага киргизет бычак каяктан келди кызык-
29.05.2018. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озун да олтуро сайса болмок, бироонун жапжаш кызын олтуруп коюп озунун тируу калганын кара шумшук
29.05.2018. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии заман кайда баратабыз.Ушундай кантип болсун,кантип барды ушул ишке.Окунучту
29.05.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Милиция болумундо ушундай иш болсо.... Кантип олтургучо эч Ким билбей калган?
SUPER.KG видео
30.05.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз синдимдин классташы болчу. Аябай жакшы кыз эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Кунолуулор жазасын алышсын эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: