super.kg logo

УКМК Тарых музейин реконструкциялоо иштери боюнча териштирүүнү баштады

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Улуттук тарых музейин реконструкциялоо иштери боюнча териштирүүнү баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Эсептөө палатасы буга чейин апрель айында аталган реконструкция иштери боюнча текшерүү жүргүзгөн.

"УКМК тарабынан Улуттук тарых музейин реконструкциялоодо бюджеттик каражаттын натыйжасыз жана максатсыз пайдаланылышы боюнча териштирүү башталды", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Эске салсак, аталган музей 2016-жылдын 25-мартында жабылып, оңдоо иштери башталган. Оңдоого мамлекет тарабынан 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Бул акчанын бир бөлүгү жаңы экспонаттарды сатып алууга жумшалган.

Жакында эле аталган музейди реконструкциялоодо жабдыктар жана экспонаттар кымбат баада алынганы маалымдалган. 1 узун жыгач 600 долларга сатып алынганы тууралуу кептер тараган. Парламенттин "Ата Мекен" фракциясы 25-майда аталган объектте көчмө жыйын өткөрүп, каражаттын жумшалышы боюнча бир нече сындарды айтышкан. Жыйынтыгында көрсөтүлгөн фактыларды бир айдын ичинде иликтөө үчүн укук коргоо органдарына 6 пункттан турган тапшырмаларды берүү боюнча чечим кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.05.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Териштерип аягына жеткилечи бир иштин эч болбосо
28.05.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Териштирбей эле койгула бекер эле убактынарды кетирбей
28.05.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айран ичкен кутулуп, жалаганы тутулуп дегендей болуп жатат го.
28.05.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толку жок терштирип сурак алып койушат жабылат,ошону менен бутту кылышат..жеди жеди эле дешет же кускан бироо жок карга карганын козун чокубайт да...
29.05.2018. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин журогун оорутуго бул маселе ушуну ондогуча Кыргызстандын 7 облусуна бирден цехтерди куруп койсо эл бир аз болсо да кыйналбай жашайт беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: