super.kg logo

Чүйдө 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 5 бала жаракат алды

 

Чүйдө 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 5 бала жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-майда саат 16:00дөр чамасында Бишкек шаарынан "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо болгон. Анда Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаа Volkswagen үлгүсүндөгү унаадан ашып өтүүгө аракет кылган. Натыйжада карама каршы тилкелерди бөлүп турган тосмону сүзгөн. Артында бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа аны сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 5 бала жеңил жаракаттарды алышкан. Алардын бири 13 жашта болсо, төртөө 9 жашта болушкан. Алар ооруканага жеткирилип, алгачкы медициналык жардам алып үйлөрүнө чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.05.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбодум ошондо айдачуу ким болгон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: