super.kg logo
  Саясат  

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов: "Парламент учурда кубатына келди"

 

Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады. Ушул жагдайдан жаралган SUPER.KG порталынын "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов төмөнкүдөй жооп берди.

Турускулов парламент учурда өз күчүнө толук ээ болуп турганын, бул ыргакты дагы улантып, алдыдагы иштерде өз күчүн дагы көрсөтөт деген оюн айтты.

"Эл оозунда эл өкүлдөрү тууралуу жакшы пикирлер айтылса биз үчүн кубанычтуу. Элдин парламент тууралуу жакшы пикир айтканынын себептери - өз укугубузду колдонуп иштей албаган премьер-министрди ишеним көрсөтпөө менен кетирдик, кемчиликтерин ачык айтып бердик. Башкы прокуратурага да президент ишенбөөчүлүк көрсөттү, парламент да өз баасын берди. Бишкек ЖЭБ окуясы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 3 ай иштеп жакшы жыйынтыкты алып келди, канча деген фактылар аныкталды. Муну менен парламент токтобош керек, парламент учурда кубатына келди, ушул ыргакта ишти улантышы керек. Насыядан уурдоо бул туура эмес нерсе, эртеңки балдарыбыз төлөй турган акчага бүгүн кол салып жатканыбыз өкүнүчтүү. Мындан башка дагы көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып жатат. Биз коррупционерлерди жөн эле аныктап, жазалап койбой, жеген нерсесин кайра өлкө казынасына төктүрүү ишин көзөмөлгө алышыбыз керек. Айрым өлкөлөрдүн практикасын алып карасак, ушундай коррупционерлерди аныктоо аркылуу бир топ каражат өлкөгө кайра кайтарылган.

Сотторду тандоодо дагы парламент өз күчүн көрсөттү, сот - адам тагдырына чекит коюучу күчкө ээ, ошондуктан ал жакка таза, булганбаган адамдар барыш керек. Депутаттар учурда көзөмөлдүк кызматты күчөттүк, парламенттик башкаруу болгондон кийин мындан ары да ушул ыргакты сактоого менде ишеним бар”, - деди Турускулов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров жана “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормоновдун пикири бул шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: