super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров: "Парламент койгон талаптар коомдогу талаптар менен дал келип калды"

 

Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады. Ушул жагдайдан жаралган SUPER.KG порталынын "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров төмөнкүдөй жооп берди.

Зулпукаров парламент койгон талаптар коомдогу талаптар менен дал келип калды деген пикирде. "Акыркы кезде парламентте көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп жатат. Алар: Бишкек ЖЭБдеги авария, Тарых музейиндеги коррупциялык схемалар. Президент жана Коопсуздук кеңеши тарабынан колдоо болуп, кичине болсо дагы иш алдыга жыла баштады. Ошол эле соттук реформа, сотторду тандоо боюнча парламенттин позициясы элдин мүдөөсүн канааттандырды. Парламент өз милдетин аткара баштады. Депутаттардын өкмөткө койгон талаптары коомдогу талаптар менен дал келип калды", - деди Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормоновдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: