super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов: "Депутаттар пассивдүү болсо, терс пикирлер айтылат"

 

Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады. Ушул жагдайдан жаралган SUPER.KG порталынын "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов төмөнкүдөй жообун берди.

Ормонов көйгөйлүү маселелерди көтөрүү жакшы пикирлерди пайда кылууга өбөлгө болду дейт.

“Коом тарабынан Жогорку Кеңештин дарегине жакшы пикирлердин айтылып жаткандыгынын себеби анын позициясында. Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоодогу позициясын мисал кылсак болот. Парламент көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жатса, коомчулуктун реакциясы дароо билинет. Эгер депутаттар пассивдүү болсо, терс пикирлер айтылат. Азыр жарандарыбыздын бардыгы эле саясатчы болуп калды. Коомчулуктун баасы Жогорку Кеңештин өзүнөн көз каранды”, - деди Ормонов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жана КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: