Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын таежеси: "Сиңдим бир жолу ала качкан жигиттен дайыма качып жүрчү. Дааратканага да жалгыз чыкчу эмес"



Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын тою жакында болмок. Ага куда түшүп, сөйкө салып кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 20 жашында каза болгон Бурулайдын таежеси Жазгүл Кожонова билдирди.
"Сөйкө салып кеткен бала башка. Ал эми бычак сайган жигит биринчи жолу кызды ала качып кеткенде ата-энеси ага бербейбиз деп алып келип алган. Экинчи жолу ала качканда артка кайткыла, той менен эле алып кеткиле дегенде алып келишкен. Таякем баланын апасына кызымды бербейм, колдон эле алып кетпейсиңерби деп урушуп кетишкен. Жигит өзү дагы мен аны баары бир алып качып кетем деп үйгө да келген. Кыз андан дайыма качып жүрчү. Дааратканага да жалгыз чыкчу эмес. Кайсы жерден алып качып кеткенин билбейбиз. Өзү жоош, жакшы кыз эле. Жээним ала качып баратканда үйдөгүлөргө телефон чалган окшойт. Апам айтып жатат, кыз менен жигитти милициялар бөлүмгө алып келгенде бир бөлмөгө киргизип коюшкан. Ошол учурда бала кызга бир нече жолу бычак сайып, өзүнө да сайыптыр. Эми милициялар өздөрүн акташ үчүн ар нерсени айтып жатат. "Жигит бөлмөнү ичинен бекитип алыптыр, кыз кыйкырып жатты эле, биз кагаз толтуруп байкабай калыптырбыз деп жатышат", - дейт маркумдун таежеси Жазгүл Кожонова.
Буга чейин 27-май күнү Чүйдө 29-жаштагы жигит үй-бүлө куруу максатында 20 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, милиция бөлүмүндө кызды бычактап салгандыгы тууралуу кабарлаган.

Баарына жигит менен тергоочу куноолуу!!! Тергоочу эмнеге экоону бир болмого киргизип коет?!!
Эми эмне болгондо да бычак сайып эмне кылат кызга?!! Ал биооонун мончоктой кызы болсо...
Ошончо болбосо кыздын конулун албайбы?!! Болбосо кыздын ата-энесине ортомчу салбайбы, аны башкалар кудалап, сойко салып кеткенге чейин...
Жапжаш кыз олуп кете берди... Кыздын ата-энеси кайгыда, озу турмодо. Кимге жакшы болду