Бүгүн Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши каралат
Бүгүн, 29-майда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун соту болот. Ошондой эле Жогорку Соттун имаратынын жанында Жапаровдун жакындары аны колдоп митинг өткөрүшөт.
Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов бул өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Садыр Жапаров куноосуз, аны саясий куугунтуктун негизинде камашкан. Жапаров менен Мырзакматовду сот акташ керек!!!
Учурда Кыргызстан башына силерлей эл уулдары керек болуп жатат...
Коррупция бул саз, олкону соруп бара жаткан. Бир Кумтор же ТЭЦтегилер жазаланса эле коррупция токтоп калбайт. Ошол коррупция менен курошуу учун Жапаровдой куратор керек...