Борбор шаарда жеңил атлетика боюнча мелдеш болуп өттү
24-июнда Бишкекте жеңил атлетика боюнча шаар биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматкери Нурдин Султамбаев билдирди. Мелдешке 120 жеңил атлетчи катышты. 100 метр аралыкка чуркоо боюнча Арслан Талант уулу жеңүүчү болду. 400 метрге чуркоо боюнча Ильяс Жантемиров, 500 метрге чуркоодо Шахзат Садыкжан уулу жеңүүчү аталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.