super.kg logo

Ысык-Көлдө катталган шамалдын кесепетинен социалдык объектилер менен турак үйлөрдүн чатырлары зыянга учурады

 

28-май күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жана Каракол шаарында ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жеткен шамал катталды. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, анын кесепетинен социалдык объектилер менен турак үйлөрдүн чатырлары зыянга учурады.

"28-май күнү саат 13:00 чамасында Жети-Өгүз районунда ылдамдыгы секундасына 14 метрге жеткен шамал катталып, анын кесепетинен Кызыл-Суу айылында жайгашкан Жети-Өгүз райондук сотунун имаратынын чатырынын 235 чарчы метр тунукесин, Саруу айылында 2 турак үйдүн 10 даана шиферин, 162 чарчы метр тунукесин, 1 сарайдын 30 чарчы метр тунукесин учурган.

Ошондой эле саат 14:00 чамасында Каракол шаарында ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен "Келечек" бала бакчасынын кампасынын 3 даана шиферин, №127-көп кабаттуу үйдүн 80 чарчы метр тунукесин, №101-көп кабаттуу үйдүн 180 чарчы метр тунукесин, №1-орто мектептин 8 даана шиферин, Кара тумоого каршы бөлүмүнүн 114 чарчы метр тунукесин, автобазанын 600 чарчы метр тунукесин учурган", - деп билдиришти ӨКМдан.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген чыгымдардын кесепеттери такталууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: