super.kg logo

Милициянын бөлмөсүндө бычакталып каза болгон кыздын окуясы боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайган окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы жумушуна шалаакылык мамиле кылган милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

"Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Биринчиден, милиция кызматкерлери иш убагында мыйзам боюнча айтылган тийиштүү иш-аракеттерди колдонуш керек. Мисалы, кармалган адамга кароо жүргүзүү, жанында өзгөчө курал-жарак же башка буюмдар жок экенин текшерүү. Андан соң адамга психологиялык жактан байкоо жүргүзүп, адамдын коркуп же жүрүм-турумунун өзгөрүүсүн баамдоо. Экинчиден, кармап келген адамдарды РИИБден каттоого алып, текшерүүдөн дагы бир жолу өткөрүп, анан тийиштүү органга өткөрүп берүү. Үчүнчүдөн, жалпы коопсуздукту сактоо. Башкача айтканда, ыкчам иш-аракет дегенди убагында колдоноо билүү", - деди прокуратурадан.

Прокуратура кармалган кыз менен бала кокустан милициянын колуна түшпөгөнүн, бул окуя боюнча бардык постторго жана райондук бөлүмдөргө убагында кабар берилгенин баса белгилейт.

"Бул жерде кыз менен бала бир окуяга тийиштиги, башкача айтканда, шектүү болуп кармалып жаткан соң жеринен текшерүүгө алынышы керек эле. Алгач кармалганда алар Жайыл РИИБине чейин тынч эле келишкен. Качан гана милициянын бөлмөсүнө киргенде буларга ар кандай ойлор келген. Себеби окуяны жалпылап айтканда, шектүү жигит маркум кызды мага турмушка чыгасын, болбосо эч кимге чыкпайсын же экөөбүз тең өлүшүбүз керек деген мотивде бычак сайган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Шектүү баланын ден соолугу калыпка келген соң, кыймыл-аракетине жараша юридикалык жактан баа берилет", - деди Жайыл райондук прокуратурасы.

27-май күнү түндө 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.








Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.05.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иштегиле козголгон бойдон калып калбасын эч болбосо жумуштан алгыла
29.05.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жумуштан бошотуп туруп 2-3 айдан сон башка болумго жумушка алып алышчу эле булар...

Тергоочу жумуштан гана алынбастан, мыйзам алдында жооп бериши керек...
29.05.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жоопко тартылышсын билип эле турам аларды алып келип отургузуп койушуп, ары басып бери басып журушту да аябай иштеп аткан киши болушуп.
29.05.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карга карганын козун чукубайт
29.05.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир байкуш жонокой милиция кызматкерлери жоопко тартылып, чондору калат каткырып
SUPER.KG видео
30.05.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз синдимдин классташы болчу. Аябай жакшы кыз эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Кунолуулор жазасын алышсын эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: