super.kg logo

Бакай Банктын "Белектер жылы" акциясынын биринчи жеңүүчүлөрү 4-июнда аныкталат

 

"Белектер жылы" акциясынан баш байгени утуп алыңыз да, үй-бүлөлүк бюджетиңизди 700 миң сомго толтуруңуз. “Бакай Банк” ачык акционердик коому жана “Золотая Корона” акча которуу системи "Жыл белектери" акциясынын старт алгандыгын жарыялады. Акция ушул жылдын 1-мартынан тартып 15-декабрына чейин улантылат. Баш байгеге коюлган 700 миң сомду утуп алуу үчүн 18 жаштан жогорку жарандар ат салышса болот.

Акцияга катышуу үчүн республиканын бардык аймактарындагы "Бакай Банктын" филиалдарынан же сактык кассаларынан “Золотая Корона” системи аркылуу акча которууңуз же алууңуз шарт.

700 миң сом баш байгеден тышкары ар бир үч ай сайын: 4-июнда, 3-сентябрда жана 25-декабрда да байгелер берилип турат. Алар:

* Муздаткыч

* Кир жуучу машина

* Телевизор * Ноутбук

* Чаң соргуч

* Микротолкундуу меш

* Смартфон

* Чайнек

* Үтүк

* PowerBank

* Ичүүчү суу үчүн фильтр аппараты

* Дубалга илинүүчү саат.

"Белектер жылы" акциясынын баш байгеси - 700 миң сомдун жеңүүчүсү ушул жылдын 25-декабрында аныкталат.

Акцияга катышуунун шарттары:

* Катышуучу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында "Золотая Корона" системи аркылуу рубль, сом, доллар жана евро валюталары менен акча которуп же алышы керек.

* Которуудагы ар бир 5 миң рубль/100доллар/евро суммасындагы акча үчүн 1 балл эсептелинет.

* Балл кошуу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында улантыла берет.

* Акция жүргүзүлгөн айлар аралыгында эсептелген упайлар топтолуп, эң көп упай топтогон кардар жеңүүчү деп аныкталат.

3 ай сайын берилүүчү байгелердин жеңүүчүлөрү да, баш байгенин жеңүүчүсү да акча которуулардын негизинде топтогон упайынын суммасы менен аныкталат.

Акциянын негизги байгесинин жана 3 ай сайын аныкталган жеңүүчүлөрү тууралуу маалыматтар банктын www.bakaibank.kg веб-сайтына жарыяланат. Мындан тышкары банктын сайтында алардын сүрөттөрү менен утуштары тууралуу жазылат.

Банк акциянын жыйынтыгын жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жөнүндө утуш ээлери аныкталгандан кийин 10 күн ичинде жарыялайт. Акциянын шарттары менен кененирээк "Бакай Банктын" расмий сайтынан же банктын кеңселеринен толук маалымат алсаңыздар болот. Байланыш борбору - 6111.

"Бакай Банк" ААКсы - 19 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга тез жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.



кошулду





Бакай Банктын "Белектер жылы" акциясына катышып, 700 миң сом утуп алыңыз

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: