Садыр Жапаровдун сотуна Камчыбек Ташиев жана мушкер Алмазбек Раимкулов келди, бирок сот башка күнгө жылдырылды














Бүгүн, 29-майда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароо башталды. Жогорку Соттун имаратынын жанында Жапаровдун жакындары аны колдоп митинг өткөрүшүүдө. Жалпысынан 100дөн ашуун адам чогулду. Алардын катарында экс-депутат Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, мушкер Алмазбек Раимкулов бар.
Соттук коллегия толук курамда болбогондугунан сот отуруму 5-июнга жылдырылды.
Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов бул өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Анан адвокаттары чекеден оорукчан болуп чыгат, Салянованын адвокаттары мисалга... Эми соттор оорукчан боло калдыбы?!! Болбосо келбейби, бугун соттук отурум болоорун билген сон... Бул эмне деген маскарапоздук, эмне деген цирк?!!
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.