Бишкектин мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскуловага орден берүү сунушу кайчы пикир жаратты
Бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында Бишкектин социалдык блок боюнча вице-мэри Айгүл Рыскуловага орден берүү сунушталды. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Русланбек Жакышов бул сунушту төрөгадан добушка коюуну суранды.
"4 жыл ичинде шаарда бир нече жакшы долбоорлор ишке ашты, жакшы иш-чаралар өттү. Айгүл Рыскулованын эмгеги менен социалдык блок өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алды", - дешти депутаттар.
Айрым эл өкүлдөрү буга каршы болуп, сыйлыктарды берүү үчүн атайын комиссия иш алып барарын билдиришти. "Орденди отчётту угуудан кийин берген туура. Рыскулова өзү жыйында жок учурда ага орден берүү маселесин талкуулоо туура эмес", - дешти каршы чыккандар.
Айта кетсек, бүгүнкү жыйында Айгүл Рыскулованын башка жумушка кетип жатканына байланыштуу өз каалоосу менен вице-мэрликтен кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.


Бишкекке караганда Ош шаары жакшы корунуп калды эле коркуно келип, Мырзакматов мэр болуп турганда. Силер 10-20 жылда ошол кишинин 3 жылда жасаган ишин жасай албадынар дагы, орденден суйлойсунор!!! Турмодон суйлогуло, турмодон
Чубак ажы айткандай пенде жазган кагазга ант бербей Аллах Тааламдын ыйык Курани Каримди карматтыртып ант бердиртиш керек баардык чиновниктерге!