super.kg logo
  Саясат  

Депутат тил маселеси боюнча: "Кыргыз Кыргыз өлкөсүндө кордолуп жатат"

 

"Кыргыз Кыргыз өлкөсүндө кордолуп жатат", - деген пикирин бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун угуп жатып билдирди.

"Отчёттун формасын өзгөртсөңүз, кагаз менен эле бүтүрө бербей. Азыр соттор расмий тилде өтүп жатат. Айыпталуучу кыргызча сүйлөп, адвокат, судьялар расмий тилде сүйлөп баш аламандык болуп жатат. Же тескерисинче, котормочуларды иштетиш керек, же тил маселесин кайрадан карап чыгыш керек", - деди Зулушев.

Баш прокурор бул боюнча иш-аракет жүргүзөрүн айтты.

Айта кетсек, бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов отчёт берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: