26-июнда Бишкек шаарында сууга түшүү мезгилинин ачылыш аземи болот
26-июнда Бишкек шаарында сууга түшүү мезгилинин ачылыш аземи болот. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара саат 15:00дө “Сельмаш” спорт-комплексинде өткөрүлөт. Бул кечеде атайын даярдалган оюн-зоок программасы болуп, спорттук мелдештер менен уланмакчы. Алар: “Таланттар, актёрлор, бийчилер” музыкалык сынагы, “Ден соолуктун жайы жана биз” спорт мелдеши, асфальтка сүрөт тартуу, “Көңүлдүү старттар” спорт эстафетасы. Бул иш-чарага Ленин районунун 200гө жакын мектеп окуучулары катышары белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















