super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кенжебек Бокоев: "Чуулуу иштер боюнча президент менен Башкы прокуратура көзөмөлдөөчү катары башкы ролду ойнош керек"

 

Акыркы мезгилде бир нече чуулуу кылмыш иштери ачылган. "Бул кылмыш иштери өтөөсүнө чыгат деп ишенесизби? Же бул элди негизги маселелерден алаксытуубу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын ою боюнча, президенттин Коопсуздук кеңешинде "коррупция менен күрөшүү керек" дегенинен кийин жылыштар бар.

"ЖЭБ боюнча чыгып жаткан иштер аягына чыгат деп ойлойм. Бүгүн баш прокурор отчёт берип жатканда "буга чейинки кылмыш иштери качан аягына чыгат?" деп маселе көтөрдүм. Мисалы, Агропродкорпорация боюнча 100 миллион сом желген, түп орду менен жок. Ош, Жалал-Абад дирекциясы боюнча миллиарддаган акчалар, жалпысынан 11 миллиард каражат сарпталган. Бул жерде аягына чыкпаган көп иштер бар. Сапатсыз курулган курулуштар боюнча да маселе бар. Ушуга окшогон чоң иштер көп, бул иштер аягына чыгабы же ушул бойдон калып кетеби. Маселе ушул жерде. Бул маселенин чечилишинде президент менен Башкы прокуратура көзөмөлдөөчү катары башкы ролду ойнош керек. Башкы прокуратураны, өкмөттү президент сунуштаган кийин президент жооп берет", - деди Бокоев.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Жеңиш Молдокматов, юрист Канат Хасановдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: