super.kg logo

Кадыржан Батыровдун конфискацияланган мүлкүн басып алуу боюнча иш козголду

 

24-июнда Жалал-Абад облустук прокуратурасы мамлекет конфискациялаган Кадыржан Батыров менен анын жубайы Карамат Батыровага таандык мүлктү басып алуу аракети боюнча эки кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет. Ага ылайык, Д.Б. аттуу жаран “Ал-Каб” жана “Экрос” ишканаларына таандык мүлктөр сот чечими менен мамлекеттин карамагында экенине карабай, жалган документтер менен башка адамдарга берүүгө аракет кылган. Учурда кылмыш иштерди иликтеп-тергөө уланууда. Жалал-Абад облустук соттун чечими менен 2010-жылдан бери качып жүргөн Кадыржан Батыровдун үй-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өзбек улуттук маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыров "2010-жылдын Май, Июнь окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык баш аламандыкка катыштыгы бар" деп айыпталууда. Батыров өзү бул айыптарды четке каккан болчу. Аялы болсо "көз боёмочулук кылган, жалган документ жасаган" деген айып менен тогуз жылга сыртынан кесилген. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын лидерлери озунор менен озунор тирешпей кыргыздарга зыян келтирген кадыровко окшогон башка улуттун лидерлери менен тирешпейсинерби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: