super.kg logo
  Саясат  

Депутат Иса Өмүркулов: "ЖЭБ боюнча кабыл алган токтомубузду сөзсүз түрдө көзөмөлгө алабыз"

 

Акыркы мезгилде бир нече чуулуу кылмыш иштери ачылган. "Бул кылмыш иштери өтөөсүнө чыгат деп ишенесизби? Же бул элди негизги маселелерден алаксытуубу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов төмөнкүдөй жооп берди.

"Резонанстуу иштердин баары парламентте каралды, депутаттык комиссия түзүлдү, комиссия күч органдарына бардык тапшырманы берди. Азыр иликтөө күч органдарында, алар маселени иликтеп сөзсүз түрдө аягына чыгарыш керек. Иштер аягына чыкпай калбайт, бул жерде сөз саясат жөнүндө эмес, конкреттүү каражаттар жөнүндө, ал каражаттар максатсыз пайдаланылганы жөнүндө болуп жатат.

Укуктук бааны депутаттар бере албайт, биз саясий бааны бердик. Депутаттар кабыл алган токтомубузду сөзсүз түрдө көзөмөлгө алабыз. ЖЭБ боюнча укук коргоо органдарынын жыйынтыгын угуунун өзүнүн мөөнөтү бар, ошол мөөнөтү бүткөндө жыйынтыгын сурайбыз. Мөөнөтү келгенде алар келип жооп беришке укуктуу", - деди Өмүркулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Жеңиш Молдокматов, юрист Канат Хасановдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: