super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти" дейт окурман

 

"Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында шамал катуу болуп, көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бактыга жараша жабыркагандар жок", - деп SUPER.KG'нин окурманы "Элдик кабарга" жазды.

Анын айтымында, үйдүн чатыры жыгачка кагылган тунукелер менен жабылган. Шамал аны ошол калыпта учуруп кеткен.

"Үйдүн чатыры тунукелер жыгачка кагылган боюнча өтө көлөмдүү абалда учкан. Буга чейин да ушул эле үйдүн чатыры ушинтип учуп кетип, кайра жабылган эле. Катуу шамал кечээ, 28-майда болду", - деп жазган окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.05.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдун аркы бетине таптак алып тушургон тура мен ысык кол кинотеатрдын усту учканбы десем..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: